Марал Радиосу

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун 68 килограмм салмактагы балбан кыздардын рейтингинде үчүнчү орунга көтөрүлдү.

Жуманазарова үчүнчү орунга 3-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын коло байгесин уткандан кийин чыкты.

Ал Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында Олимпиаданын байгесин алган биринчи спортчу болуп калды. Бул ийгилиги үчүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюму аны тарых жаратуучу деп атады.

Рейтингде биринчи орунда Олимпиаданын алтынын уткан америкалык Тамира Менса, ал эми экинчи орунда Олимпиаданын күмүш байгесин алган нигериялык Блессинг Оборудуду турат.

Акжол Махмудов грек-рим балбандарынын дүйнө рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү