Марал Радиосу

Кыргызстанда Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн дагы бир спорт каналы ачылды

Кыргызстанда Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн дагы бир спорт каналы ачылды.

Жаңы канал «КТРК Спорт 2» деп аталат. Ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) жана «Акнет» компаниясы тарабынан ачылган.

«КТРК Спорт 2» iTV Акнет түйүнүндө көрсөтүлөт. Андан тышкары Олимпиада оюндарынын мелдештерин «КТРК Спорт» каналынан көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болуп өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат.

Бүгүн Токиодогу Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы өтөт