Марал Радиосу

Беш айда сыртка 150 миң 56,2 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

Быйыл беш айда сыртка 150 миң 56,2 тонна  айыл чарба продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Сыртка сатылган айыл чарба продукциясынын баасы 7 млрд 487 млн 596 миң сомду түзгөн.

Анын ичинде:

— Өсүмдүк өстүрүү: 3 млрд 999 млн 645 миң сомго 123 миң 403,7 тонна (+ чийки тамеки 30 млн 274,5 миң сомго);

— Мал чарба продукциясы: 2 млрд 780 млн 961,5 миң сомго 18 миң 383,5 тонна;

— Тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы: 1 млрд 676 млн 989,5 миң сомго 8 миң 269 тоннаны .

Быйылкы беш айда Орусия менен Казакстанга кайра иштетилген жашылча азыктарынын экспорту көбөйгөн.