Марал Радиосу

Кыргызстандын муфтийи коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ошондой эле Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары коронавируска каршы вакцина алган.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.