Марал Радиосу

Бишкекте шайлоо күнү коомдук транспорт түнгө чейин каттайт

Бишкекте 11-июль шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт. Мэриянын маалыматына караганда, коомдук транспорт таңкы 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин каттайт.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт. Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды:

Ленин районунда — 62;

Октябрь районунда  — 59;

Биринчи май районунда  — 49;

Свердлов районунда — 58.