Марал Радиосу

Ташиев: Сириядан качкандар Кыргызстанга келиши мүмкүн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда басма сөз жыйын өткөрүп, Сириядан качкандар Кыргызстанга келе турганы жөнүндө маалыматтар бар экенин айтты.

Ушул күндөрү Ооганстан менен чектешкен Тажикстан, Өзбекстанда кооптуу жагдай пайда болуп жатат. Ооганстандан качкандар Кыргызстанга да келиши мүмкүн болууда.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чалгындоо иштерин күчөтүп жатат. Жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү тышкы коркунучтарга даярданууда.

«Эгер Тажикстан өз чек араларын коргоого жардам сураса, анда Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында аракеттенет, анткени маселе бизге да тиешелүү», — деди Ташиев.

УКМК төрагасы буга чейин Борбор Азиядан Сирия жана Иракта куралдуу кагылышууларга катышкан жарандар өз мекенине кайтып келе жаткандыгын кошумчалады.

Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстан ЖККУдан жардам сурады