Марал Радиосу

Ош облусунда 2 мектептин курулушу аяктады

Ош облусунда 2 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мектептин бири Кара-Суу районунун Маданият айылында (№ 42 мектеп) жана Араван районунун Кочубаев айылында (№23 А. Тургунов атындагы мектеп-интернат) жайгашкан.

Ар бири 225 орундуу бул эки мектептин курулушу былтыр январь айында башталган. Сметалык баасы 157 млн 834,3 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, мектептер Сауд өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен «27 мамлекеттик мектепти куруу» долбоорунун алкагында салынган. Иш-мерчемге ылайык, жай айында төрт мектеп, ал эми ушул жылдын аягына чейин бардык мектептер курулуп бүтмөк.

Буга чейин ушул долбоорго кирген Жалал-Абад облусундагы бир жана Нарын облусундагы бир мектеп пайдаланууга берилген.