Марал Радиосу

Парламент 5-30-июль күндөрү кезексиз жыйындарга чогулат

Парламент 5-июлдан 30-июлга чейин кезексиз жыйындарды өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдар шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлүп турат.

Кезексиз сессия мыйзамдарды жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык келтирүү үчүн чакырылууда.

Эскерте кетсек, 30-июнда Жогорку Кеңеш сентябрь айына чейин тараган. Бирок алар июль айында кезексиз сессияга чогулары айтылган.