Марал Радиосу

Канадада аптаптын айынан чыккан өрт чакан шаарчаны күлгө айландырды

Канаданын Британ Колумбиясы провинциясында аптаптын айынан токойлордо чыккан өрт Литтон шаарчасын кошо каптап, күлгө айландырды. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Литтонду миңге жакын адам турактайт. Өрт өтө тездик менен жайылып кеткендиктен тургундар үйлөрүн таштап кетүүсүнө болгону 15 мүнөт гана убактысы болгон. Шаарчадагы үйлөрдүн 90%ы, медициналык пункт жана полиция бөлүмү өрттөнүп кеткен.

Литтон шаарчасынын өрткө чейинки жана өрттөн кийинки көрүнүшү

«15 мүнөт ичинде шаарчаны өрт каттады. Тургундар үй жаныбарларын, ачкычтарын алып, унаасы менен кетип жатышты», — деген Литтондун мэри Ян Полдерман.

Каза болгондор тууралуу маалымат жок, бирок өрттөн жабыркагандар бар экенин айтылууда.

Күлгө айланган шаарчанын үстүнөн көрүнүшү

Эскерте кетсек, акыркы жумада Британ Колумбиясында болгон аптаптын айынан 486 адам каза болгону айтылууда. Алардын басымдуу бөлүгү — карылар жана өнөкөт оорусу бар адамдар. Ысык аба ырайы АКШнын түндүк-батыш бөлүгүндө да болууда.

Литтондо 29-июнда аба ырайы 49,5 градуска чейин ысыган (айрым маалыматтарда 46,6 градус).

Метеорологдордун айтымында, мындай ысык аба ырайы бир канча миң жылда бир боло турган көрүнүш. Бул аптап дагы бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Канада менен АКШда ысык уруп каза тапкандар көбөйдү