Марал Радиосу

Ош аймактык шайлоо комиссиясына жаңы төрага дайындалды

Ош аймактык шайлоо комиссиясына жаңы төрага дайындалды. Кушубак Ниязбеков өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Анын ордуна Урмат Аттокуров Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо болот. 21-июнда башталган үгүт иштери 10-июлда саат 8:00дө аяктайт.

Үч чоң шаардагы шайлоо: Кайра шайлоодо да кайталанчу каталар