Марал Радиосу

Бишкек мэриясы коронавирустун кескин өсүшү боюнча түшүндүрмө берди

Бишкекте бүгүн, 30-июнга карата сутка ичинде 1 миң 490 адамдан коронавирус табылган. Бишкек мэриясы анын себебин түшүндүрдү.

Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, 30-июнга карата ооругандардын саны кескин көбөйгөн жок. Жалпысынан калаадагы абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон калууда.

Мындай көрсөткүч Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда кармалып турган күмөн санаткан анализдердин жыйынтыгынын чыгышына жана айрым жеке лабораториялар бир нече күндүн жыйынтыгын бергенине байланыштуу.

COVID-19: Бишкек мэриясынын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды