Марал Радиосу

Кокон шаары Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды

Өзбекстандын Кокон шаары 2022-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Мындай чечим Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин туризм министрлеринин VI отурумунда кабыл алынган. Аталган жыйын Кокон шаарында болуп өткөн. Отурумда пандемиядан кийин туризм тармагын, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда аба каттамдарды жандандыруу, биргелешкен «Зыярат саякаты» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Жыйын Кокон шаарында өтүп, ага Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын министрлери катышкан.

Өзбекстан Түрк кеңешинин алдында маданий мурастарды сактоо фондун түзүүнү сунуштады