Марал Радиосу

Мерген кыз Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Мерген кыз Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Кубанычбекова офлайн жана онлайн өткөн эл аралык мелдештердин жыйынтыгы менен жолдомого ээ болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиадага спорттун күрөш, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, фехтование түрлөрү боюнча жолдомо ала алышкан.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.