Бейбаштык кол салуудан УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Окуя 20-июнда болуп, УКМК кызматкери топтошкон балдардын кол салуусунан каза болгон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү («Бейбаштык менен өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалган.
«Каза болгон улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз», — деп билдирет УКМК.