Марал Радиосу

Министрлик: AstraZeneca вакцинасы Индиядан эмес, Түштүк Кореядан келет

Июнь айында Индиядан келет деп күтүлүп жаткан AstraZeneca вакцинасы Түштүк Кореядан келе турган болду. Бул тууралуу «Маралга» Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Индияда кырдаал кооптуу болгондуктан, вакцина чыгарган завод ченеминен алда канча ашыкча иштеп, Индияны камсыздоого араң үлгүрүшүүдө. Мындан улам Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги AstraZeneca компаниясынын Түштүк Кореядагы заводуна кайрылуу жасашкан.

«Кореялык вакцина Индиялык вакцинага окшош, алар бир техника, ыкма менен жасалат. Түштүк Кореядан AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы келиши күтүлүүдө. Келишимдер түзүлүп, документтерге кол коюлуп бүттү. Ошондой эле аларды алып келе турган транспорт маселеси дагы чечилди, атайын муздаткычтар даяр», — деди Кыргызбаев.

Айтылып жаткан AstraZeneca вакцинасы Кыргызстанга июль айынын башында келип, калкты эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Ошондой эле жакынкы күндөрдө Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келиши күтүлүүдө.