Марал Радиосу

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 18 партия катыша турган болду

11-июлда өтө турган Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 18 партия катыша турган болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоого комиссиясынан билдиришти.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-партия катары «Айкөл Кыргызстанды» каттаган.

«Айкөл Кыргызстан» партиясынын Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катыштыруу тууралуу арызын карап чыгып, талапкерлердин тизмесинин өзгөрбөгөнүн эске алуу менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Айкөл Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесин каттоодон өткөдү», — деп айтылат маалыматта.

18 партия шаардык кеңешке жалпы 1 миң 371 талапкер көрсөткөн. Алардын ичинен ар кандай себептер менен 113ү шайлоодон четтетилип, 1 миң 258и каттоодон өткөрүлгөн.

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катыша турган партиялар:

  1. «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
  2. «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
  3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
  4. «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
  5. «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
  6. «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
  7. «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
  8. «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
  9. «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
  10. «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
  11. «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
  12. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
  13. «Жашыл Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
  14. «Күч бирдикте» — партиянын жетекчиси К. Абдивалиев;
  15. «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М. К. Орозбаев;
  16. «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
  17. «Столица» — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков;
  18. «Айкөл Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Бакыт Керимбеков.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Оштогу кайра шайлоого катышуу үчүн 9 партия документ тапшырды