Марал Радиосу

АКШ Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүгө камынууда

АКШ бийлиги Алексей Навальный менен байланышкан кырдаалдан улам Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө камынууда. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.

«Биз Орусияга Алексей Навальныйды ууландырганы үчүн санкция салганбыз… Бул иште колдонуу үчүн санкциялардын дагы бир топтомун даярдап жатабыз», — деген ал.

Ал мындан мурда Жо Байден бир нече багыттар боюнча Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү жеңилдеткен жарлыкка колгон койгонун белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, учурда Алексей Навальный соттолуп, абакта жатат. Ал быйыл январь айында Германиядан Орусияга кайтып келгенден кийин кармалган.

Алексей Навальный 2020-жылдын 20-августунда Орусиянын Томск шаарынан Москва шаарына учар алдында эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн. 22-августта атайын учак менен Германиянын Берлин шаарына жеткирилген. Дарыгерлер аны тыюу салынган химиялык зат менен ууландырышканын маалымдаган.

Навальныйга Женева форумунун эрдик сыйлыгы ыйгарылды