Марал Радиосу

8-июлдан тарта малды сыртка сатууга уруксат берилет

8-июлдан тарта Кыргызстанда малды ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорт кылууга уруксат берилет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Ал сөзүнүн башында учурда айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого жыл аягына чейин тыюу салуу пландалып жатканын маалымдады. Мындан мурдараак министрлик тиешелүү токтом долбоорду коомдук талкууга койгон.

«Мал-жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынат. 8-июлдан баштап малды экспорттогонго уруксат берилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, малды тирүүлөй экспортоого тыюу салуунун себептеринин бири катары ургаачы малдын да экспортко чыгарылып жатканы менен түшүндүрүлгөн.