Марал Радиосу

Ирандын мурдагы вице-президенти президенттик шайлоого катышуудан баш тарты

Ирандын мурдагы вице-президенти Мохсен Мехрализаде президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жолдогон катында жазганын жергиликтүү маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта анын шайлоого катышуудан баш тартканынын себеби айтылбайт.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоого катышуу үчүн 7 талапкер каттоодон өткөн. Ирандын азыркы президенти Хасан Роухани өз кызматында эки мөөнөт катары менен отургандыктан шайлоого катышпайт.

Бүгүн, 16-июнда Иранда шайлоо өнөктүгү аяктайт. Ал эми 18-июнда шайлоо өтөт.

Ирандын президенттигине 592 талапкер арыз берип, 585и четтетилди