Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Тыныбекова Польшада өткөн Poland Open мелдешинде алтын алгандан кийин биринчи орунга көтөрүлгөн.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Дүйнө чемпиону болгон. Ал Азия чемпионатын төрт жолу жеңген жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп келет. Ал быйыл Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына катышат.

Poland Open мелдеши: Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду