Марал Радиосу

Орусияда Навальныйдын штабы экстремисттик деп табылды

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабы, «Коррупция менен күрөшүү» фонду жана «Жарандардын укуктарын коргоо» фонду экстремисттик уюм деп табылды. Мындай чечимди Москва шаардык соту чыгарды.

Liter.kz жазгандай, мындан кийин ал уюмдарга катыша турган жарандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат.

Иштин материалдарында мамлекеттик сыр бар маалыматтар болгондуктан сот жабык өткөн.

Прокуратура билдиргендей, «Аталган уюмдардын максаты конституциялык түзүлүштүн негиздерин өзгөртүү үчүн шарт түзүү болгон, анын ичинде «түстүү революция» жолу менен».

Жактоочу Иван Павлов прокуратура келтирген жүйөлөрдү негизсиз деп эсептээрин билдирди. Анын айтымында, бийликтин алмашып туруусу конституциялык принциптин негизи болуп саналат. Ал эми «түстүү революция» деген сөз юридикалык түшүнүк болуп саналбайт жана мындай териштирүүдө жүйө катары жарабайт.

Жактоочу алар соттун бул чечимине арызданарын белгиледи.

Навальныйга Женева форумунун эрдик сыйлыгы ыйгарылды