Марал Радиосу

Дүйнө биринчилигине тандоо: Бүгүн Кыргызстан Монголия менен беттешет

Бүгүн, 7-июнда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстан Монголия менен оюн өткөрөт.

Беттеш Осака шаарындагы «Янмар Стэдиум» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

Оюнду «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Буга чейин Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Монголия менен ойногон. Анда Кыргызстан атаандаштарын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Бул беттештен тышкары Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат: 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 6 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 6 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Бирок «Ак шумкарлар» азырынча 5 гана беттеш өткөргөн. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (3 упай) ээлөөдө.

 

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 99-орунга жайгашты