Марал Радиосу

Жай мезгилинде Казакстан Тажикстандан кошумча 315 млн куб сугат суу алат

Быйыл жай мезгилинде Казакстан Тажикстандан кошумча 315 млн куб сугат суу алат.

Казакстандын Экология министрлиги билдиргендей, алар Тажикстан менен июнь-август айларында Бахри Точик суу сактагычынан кошумча 315 млн куб сугат суу алуу боюнча боюнча макулдашкан. Муну менен Казакстандын Түркстан жана Кызыл-Ордо облустарындагы сугат суу тартыштыгын азайтууга шарт түзүлөт.

«Сыр-Дарыянын бассейниндеги оор кырдаалды эске алуу менен тажик тарап Түркстан жана Кызыл-Ордо облустарынын керектөөсү үчүн Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан коё берген суудан тышкары, июндан август айына чейин Бахри Точик суу сактагычынан кошумча 315 млн куб суу берүүгө макул болду. Ал эми Казакстан Бахри Точик суу сактагычын кошумча иштетүүдөн кандайдыр бир маселелер жаралса, Тажикстанга материалдык-техникалык колдоо көрсөтөт», — деген Казакстандын экология министри Магзум Мирзагалиев.

2040-жылдан тартып, Нарын суусу азаюунун үстүндө болот