Марал Радиосу

Бишкек шаарынын тургундарынын орточо айлык акысы 24 миң сомду түзөт

Бир кызматкердин орточо эмгек акысы 2021-жылдын январь-март айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 миң 875 сомду түздү. 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,2% га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-март айларында бир кызматкерге орточо айлык 223,4 долларды түзгөн.

Бишкекте бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-март айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 24 миң сомду түздү.