Марал Радиосу

Кыргызстандагы ири энергетикалык компаниялардын 1,3 млрд доллар кредити бар

Кыргызстандагы беш энергетикалык компаниянын донорлорго карызы 1,3 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу Финансы жана экономика министрлигине таянып, Economist.kg сайты жазды.

Алар: «Бишкек жылуулук тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Электр станциялары», «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомдору.

Анын ичинен «Улуттук электр тармактары» ишканасынын алган насыясы көбүрөөк. 2020-жылдын 31-декабрына карата мекеменин эл аралык финансы институттарына карызы 787,6 млн доллар экени айтылды.

«Электр станцияларынын» — 457, 9 млн доллар;

«Түндүк электрдин» — 41,9 млн доллар;

«Бишкек жылуулук тармагынын» — 8.2 млн доллар,

«Ош электрдин» — 6,3 млн доллар карызы бар.

Кыргызстандагы энергетикалык компанияларга насыя Кытайдын Эксимбанкынан көп бөлүнөт. Ал 986,5 млн долларды түзөт.