Марал Радиосу

Азирети Муфтийди шайлоо 26-июнга жылдырылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайы 26-июнга жылдырылды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматта курултайды жылдыруу шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу экени айтылат. Тактап айтканда, бүгүн, 27-майда Аалымдар Кеңеши протоколдук жыйын өткөрүп, курултайдын күнүн жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө, Текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна талапкер каттоо кайрадан жүргүзүлүп, конкурстар кайрадан өткөрүлөт.

Мындан тышкары бүгүнкү жыйында Аалымдар Кеңешине жаңы төрага шайланды.

Муфтият: Аалымдар Кеңешине жаңы төрага шайланды