Марал Радиосу

Тажикстан: Эгиндерди чегиртке каптады

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги 83 миң 944 гектар эгин талаасын чегиртке каптаганын жарыялады. Бул тууралуу  «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, учурда өкмөт 67 миң гектарга жакын аянтка чегирткеге каршы химиялык дарыларды чачкан. Чегиртке эң көп Хатлон облусундагы эгиндерге коркунуч жаратууда.

Тажикстандын Айыл чарба министри Сулайман Зиёзада бир ай мурун чегиртке каптоо коркунучун эскертип, дыйкандарды чара көрүүгө чакырган. Бирок ошого карабай чегиртке өлкө аймагын каптап, учурда бул жаатта Тажикстан коңшу мамлекеттер менен кызматташууга мажбур болууда.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматында, чегирткелердин орточо тобу бир жыл ичинде эки жарым миң кишини бага турган эгинди жок кылышы мүмкүн.

Кыргызстан Тажикстандын жарандарына убактылуу чектөөлөрдү киргизди