Марал Радиосу

Акимдердин укугу да, жоопкерчилиги да көбөйөт

Мамлекеттик кадр кызматы акимдердин ыйгарым укугун кеңейткен мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Байышбек Астанакулов Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп иштеп жаткан. Ал президенттин район акимдерин ротациялоо боюнча чыккан «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматына дайындалды.

33 жаштагы жаңы аким буга чейин Ош, Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында, сот тармагында иштеп келген.

2019-жылдын 1-июлунан 2021-жылдын 23-майына чейин Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп эмгектенди.

— Мен акимдерди ротациялоо аябай туура болду деп эсептейм. Өзүм буга чейин Ош, Жалал-Абад облустарында ар кайсы тармакта көчүп иштеп жүргөм. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер канча көп жерди көргөн болсо, ишинин эффективдүүлүгү ошончо көп болот. Анткени жаңы жерге барганда адам жаңыча ойлонот, ошол жерди өнүктүрүүнү ойлонот. Мен ротация аракети жыйынтыгын берет деп ишенем.

Өзүм Тоң районунун акими болуп дайындалганым тууралуу жаңылыктардан эле окуп, таң калдым. Бүгүн борборго (Бишкекке) келдик. Жумуш ордума эми барып, тааныштырылабыз. Мен жумушту баштоодо эң алгач, ар бир айыл аймактагы эл эмне менен алектенерин аныктап чыгайын деп атам. Экинчиден, айыл өкмөттөрдү шайлоонун ачык болушун көзөмөлгө алам. Бул менин милдетим деп эсептейм.

Мен үчүн Кыргызстандын жалпы аймагы тааныш. Тоң районунда бир топ өзгөчөлүктөр бар, абасы, суусу таза жер, багбанчылыкты өнүктүрүүгө басым жасаса болот. Сөзсүз түрдө туризмге да көңүл буруу керек. Чоң мейманканаларды куруп, өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу керек деп ойлойм.

Акимдердин бюджети чынында чектелүү. Бирок азыр жаңы мыйзамдар иштелип чыгууда. Ага ылайык, акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Андан кийин көбүрөөк жумуш кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бирок азыркы шартта деле инвесторлор менен сүйлөшүп, же болбосо айыл өкмөттөр менен үстүртөн эле эмес, ар бири менен жекече иштешип, алардын ар кандай долбоорлорду тартуусуна көмөктөшүп, мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзсө болот, — деди Тоң районунун жаңы акими Байышбек Астанакулов.

Байышбек Астанакулов: Акимдер азыркы мүмкүнчүлүк менен да чоң иштерди жасай алат

Ал эми Өскөнбай Мамажакыпов Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими болуп, 6 ай иштеди. Ал ротациялоо жарлыгына ылайык, Нарындын Ак-Талаа районуна которулмак. Бирок үй-бүлөлүк шарттарынан улам кызматтан баш тартууга туура келген.

Ал Чоң-Алай районунун башчылыгына 2020-жылдын 13-ноябрында дайындалган. Бул убакыт аралыгында районду өнүктүрүүгө байланыштуу бир топ пландары болгону менен ал ишке ашпай калды. Ошентсе да акимдерди ротациялоо боюнча мамлекеттик саясатты колдойт.

— Мен үй-бүлөлүк шартыма байланышуу Ак-Талаа районунун акими кызматына баруудан баш тарттым. Себеби ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алардын макулдугусуз бара албайт элем.

Менин оюм боюнча, акимдерди ротациялоо маселеси абдан туура болду. Кыргызстандын жараны болгондон кийин кайсы жерге болсо да барып иштөө керек. Ротациялоо жолу менен түндүк-түштүк деп бөлүнүү көйгөйү да токтойт деп ойлойм. Мындан кандай жыйынтык чыгарын убакыт көрсөтөт.

Мурдагы мыйзамдарда акимдердин ыйгарым укуктары чектелүү болчу. Азыр жаңы мыйзам менен укуктарын кеңейтебиз деп жатышат. Бюджетин түзүп берсе жакшы болмок. Бүгүнкү күндө акимдердин бюджети жок болгондуктан алар айыл өкмөттөргө көз каранды, кандайдыр бир иш алып барууга мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызстанда жалпы 37 райондун акими алмашты. Анын ичинен 19 аким ротацияланды, 18 аким жаңы дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кадр кызматы «кокустан келип калган», билими жетишсиз, тажрыйбасы жок акимдерди аттестациядан өткөргөн. Ошондой эле акимдик кызматка тандоо жүргүзүлгөн. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиевдин айтымында, жалпы 1200 жаран сынак тапшырып, 308 адам аймактык кадрлар резервине киргизилген.

Маматалиев жаңы дайындалган жана ротацияланган акимдер мурдагыга караганда бир топ сапаттуу иштейт деп ишенет. Ал акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоору иштелип чыкканын кабарлады.

— Биз жакынкы күндөрү республикалык семинар өткөрөбүз. Ага Президенттик аппараттан, Министрлер кабинетинен адистер катышат. Акимдер кайсы мыйзам, тартип менен иштеши керек, негизги принциптери кандай болушу керек деген маселелерди түшүндүрөбүз.

Мындан тышкары, акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун иштеп чыктык, ал даяр. Ал кабыл алынса, акимдерге толук кандуу ыйгарым укуктар берилет. Кадр маселеси, финансы маселелерин өз алдынча чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүнкү күндө бизде эки мыйзам бар: жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу тууралуу. Тилекке каршы, район башчыларынын ыйгарым укуктары чектелүү. Көп маселени чече албагандыктан элдин нааразылыгы күчөп, облуска, Ак үйгө чейин келип жатышат.

Азыр бийликти борбордон алыстатуу боюнча комиссия түзөлү деп жатабыз. Бул аракет 1990-жылдары башталган эле, кийин токтоп калыптыр. Азыр кайра карап, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери кайсы маселени түздөн-түз чече аларын аныктап, укукту өткөрүп берели деп жатабыз. Ошондон кийин райондордо толук кандуу жетекчилер болот. Жоопкерчилигин да моюнга алып, маселе чече турган укук да берилет.

Акимдерди дайындоодон мурун даярдоо керек

Ротация жаңылануу катары кабыл алынганы менен андан чоң өзгөрүү болоруна ишенгендер аз. Райондорду өнүктүрүүдө жалгыз ротация менен чектелбей, өлкөдө административдик-территориялык реформа жасоо керек. Мындай пикирин мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Маралга» маек куруп жатып айтты. Ал реформа жасагандан кийин райондук, аймактык бийликке мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайт.

— Бизде бир райондо 30 миң киши жашаса, экинчи райондо 480 миң киши бар. Буларды жашоочуларынын саны бирдей болгондой кылып бөлсөк, ошондо башкаруу системасы да өзгөрмөк, бийликтин 3 бутагына бирдей иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Азыр акимдерди шайлап жатабыз, бирок алар  күчсүз. Президент келип, эки баштуу аткаруу бийлигин бир баштуу кылып койду. Бул — жакшы нерсе.

Экинчиден, аткаруу бийлигинде республикалык, облустук, райондук, айыл өкмөттүк башкаруу бар. Сот системасында да ошондой. А мыйзам чыгаруу жаатында Жогорку Кеңеш бар, айыл өкмөт бар. Ортосунда бардык жерден аксоолор болуп жатат. Канткенде да реформа жасагандан кийин мүмкүнчүлүктү беришибиз керек. Райондук, аймактык бийликке берсек, сөзсүз түрдө райондук мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнө ырааттуу иштеп бере турган мыйзамдарды чыгарат. Ошондо гана райондор иштейт, өнүгөт десек болот.

Чынында бүгүнкү күндө акимдердин ролу, финансылык жана кадрдык рычагдары толук чечилген эмес. Ошондуктан талдоочулар жаңы ротацияланган акимдерден жыйынтык күтүү эрте экенин айтышат. Анын үстүнө, бүгүнкү күндө акимде бюджет жок, жер, мүлк маселелери айыл өкмөттөрдө жана шаар мэрияларында.

Ысык-Көл облусунун Тоң районун 2010-15-жылдары башкарган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев акимдердин ролу тууралуу буларды айтты:

— Райондун акими кызматы — мамлекеттик кызмат. Ошондуктан ротациялоо аракетин негизинен колдосо болот. Бирок аны менен эле баары жакшы болуп кетет дегенден алысмын. Бүгүнкү күндө акимдердин орду, финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан канчалык күчтүү кадр келсе да маселе чечиши кыйын. Ошол жердин эли менен таанышып, көйгөйлөрүн угуп, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин деңгээлин билүү үчүн эле 1-2 жыл убакыт кетет. Ошондуктан азыр жаңы акимдерден эл талап кылып жаткандай жыйынтык күтүүгө эрте. Себеби ар бир райондун кландары бар деп койсок болот, алар суунун астындагы сыйгалак таштай болушат. Алар дайыма райондун саясатын өздөрүнө оодарууга аракет кылат, алар айткан иштер жасалып турушуна умтулушат. Жаңы келген жетекчи алардын сөзүн сүйлөп калса, бул жаман нерсе. Себеби эпчилдер акимдин тилин таба коюшат. 

Мурдагы бийликтин тушунда райондун эмес, облустун башчылары ротация болгон. Ага Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин Ош облусунун башчылыгына которулганын мисал келтирсе болот.