Марал Радиосу

Жараксыз болгон вакцина: Нурлан Галбаев кызматтан бошотулду

Бишкек шаарынын Ленин райондук бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин №2 Үй-бүлөлү медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы эрип кеткен. Бишкек мэриясынын алдын ала маалыматы боюнча келтирилген чыгым 840 миң сомду түзгөн.

«Спутник V»: Жараксыз болгон вакцина жооптуу адамдар тарабынан төлөнөт