Марал Радиосу

Нурлан Абдрахманов кызматынан бошотулду

Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Абдрахманов аталган кызматты 2020-жылдын 13-июлунан бери аркалап келген.