Марал Радиосу

Милиция 2019-жылы дайынсыз жоголгон Нарынбек Исаевге издөө салат

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1970-жылы туулган Исаев Нарынбек Калыевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 5-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара түстө, чап жаак, кой көз.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү күрмө, көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү жайкы баш кийим, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Нарынбек Исаевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: