Марал Радиосу

COVID-19: Бишкектеги стационарларда 90 бош орун бар

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарындагы COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн ачылган стационарларда 90 бош орун бар экенин маалымдады.

— Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 6;

— №2 клиникалык төрөт үйүндө — 5;

— Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында — 30;

— №1 шаардык клиникалык ооруканасында — 17

— №6 шаардык клиникалык ооруканасында — 6

— Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 9

— Чүй облустук бириккен ооруканасында — 4

— Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын тейлеген бөлүмүндө  — 5

— Улуттук онкология жана гематология борборунда — 8 бош орундук бар.