Марал Радиосу

Баткен окуясында курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.

Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда Президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулат.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.

Максат айылында күйгөн үйлөр сүрдүрүлүп, тазалоо иштери башталды