Марал Радиосу

«Кыргыз ааламы» улуттук программасы иштелип чыгат

Кыргызстанда «Кыргыз ааламы» улуттук программасы иштелип чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кабарлап, долбоорго өзгөчө маани берилерин билдирди.

Президенттин айтымына караганда, бул долбоор — өлкөдө жана чет жакта жашаган кыргыздардын маданий интеграциясын бекемдөө, кыргыздар жашаган тарыхый аймактар менен маданий-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.

«Биз кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүү тажрыйбасын жана кыргыз форумунун туруктуу иштөө механизмдерин жандандырабыз», — деди Садыр Жапаров.

Эгемендик майрамынын алдында бүткүл дүйнөлүк курултай өтөт