Марал Радиосу

Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды

Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду.

Рахманкулов Лейлек районунун мурунку акими Баймурат Бекмуратовдун ордуна дайындалды. Жаңы акимди тааныштыруу бүгүн, 5-майда Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өтмөкчү.

Алмазбек Рахманкулов учурда 43 жашта. Ал 2017-жылдын 5-октябрынан бери «Кыргызтелеком» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген. Ошондой эле 2015-2016-жылдары Исфана шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.

Баткен облусунун башчысы дайындалды