Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы өкүлү 48 жашта. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары болуп иштеген.
Абдикарим Алимбаев 1995-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Аскер институтун аяктаган. 2006-жылы Орусиянын Федералдык кызматынын Аскердик Академиясын бүтүргөн. 2008-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын академиясынын алдындагы жогорку академиялык курстарын окуган.
Кечээ, 4-майда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.
Абдикарим Алимбаев 1973-жылы 19-апрелде туулган. Жогорку билимдүү.
Эмгек жолу:
- 1993 – 2013 — Чек ара кызматынын түрдүү чек ара бөлүмдөрүн жетектеген;
- 2013 – 2014 — Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад облустарындагы аймактык чек ара башкармаларын башкарган;
- 2014 – 2016 — Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары;
- 2016 жылдын 16-майы — Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.