Марал Радиосу

«Кыргыз тараптын тажиктердин ок атуусуна жооп бербей жатканы чоң суроо жаратат»

Тажиктер биздин адамдарды коён аткандай эле атып жатат. Бул туурасында Баткендин мурунку башчысы Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал тажиктердин мындай  иш-аракеттерине кыргыз аскерлеринен жооп болбой жатканына таң калды.

«Алар агрессор болуп, биздин территорияга кирип келип атса, биздин үйлөрдү өрттөп жатса, биздин адамдарды өлтүрүп жатса, ал тургай өздөрүнүн чек ара бекеттеринин ичине кирип келип кол салып жатса, эмнеге унчугушпайт? Буйрук жок деп атпай жатышат имиш. Бул деле чоң суроо. Эмне үчүн мындай болуп жатат, бул кимдин командасы?!  Бул жерде суроолор аябай көп. Биз тараптан да, тажик тараптан да акылга сыйбаган иштер болуп жатат», — деди Айжигитов.