Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жараат алгандарга жардам көрсөтүү максатында 30-апрель күнү түнкү саат 1:00 чамасында Талас облустук ооруканасынан 7 дарыгер (хирург, травматолог) Баткенге жол тарткан.
Ошондой эле «Талас ынтымагы» коомунун жаштары менен бирге материалдык жана гуманитардык жардам жеткирилери айтылды.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө саат 24:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.