«Тазалык» кызматкерлеринин портретин сүрөтчү Дмитрий Петровский жарнама кагаздарынын айрындыларын курап отуруп жараткан. Бул тууралуу «Art-group DOXA» өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, сүрөтчү Дмитрий Петровский 2018-жылдан бери Бишкектеги жарнактарды жана плакаттарды чогултуп жүргөн.
«Жарнама кагаздары аркылуу ушул таштандыларды чогулткан адамдардын портретин тартты. Булар — дүйнөнүн бурулуштарына, пандемияга, майрамдарга карабай, «Тазалыкта» 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан Ибраим менен Ирсалат Кадыровдор. Булардын ар бир күнү философия», — деп жазылган маалыматта.