Марал Радиосу

Бишкекте ушул демалыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте ушул демалыш күндөрү айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Аны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, шаар мэриясы менен бирге уюштурууда.

Жармакен эртең мененки саат 10:00до башталып, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктары сунушталат.

Азык-түлүк жарманкеси төмөнкү даректерде өтөт:

• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;

• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашкаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.

• Т. Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.