Марал Радиосу

Кыргызстандан Өзбекстанга маралдарды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлар — маралды алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

22-апрелде Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде Айдаркен чек ара отряды «Toyota Previa» унаасын токтотушкан. Ал 1972-жылы туулган Кыргызстандык  Т.Н. аттуу жаранга таандык экени аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда 1 жаштан 4 жашка чейинки беш марал табылган. Төртөөнүн мүйүзүн омуруп салышкан.

Кармалган жарандар жаныбарларды Өзбекстанга жеткирүүнү көздөшкөн. Бирок айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес.

Учурда маралдардын базар баасы такталууда.