Марал Радиосу

Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бүгүн, 21-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу иш-чарасы Айтматовдун үй музейинде өтүүдө.

Айтматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан улам көз жумду. Ал  1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.

«Марал» радиосунун жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.