Марал Радиосу

Үч айда жол эрежесин бузуу боюнча 26 млн сом айып пул өндүрүлдү

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп болгон.

Алардын ичинен:

Ушул жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 млн 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 млн 487 миң 430 сом өндүрүлгөн.