Марал Радиосу

«Рухий-Мурас» жаңы конушуна 700 орундуу мектеп салынат

Бишкектеги «Рухий-Мурас» жаңы конушуна жаңы мектеп салынат. Бишкек мэриясы мектеп 700 орунга ылайыкташтырылганын кабарлады.

Долбоордук-сметалык документациясы толук бүткөрүлгөн. Курулуштун сметалык баасы 156 миллион 126 миң 672 сомду түздү.

Каржылоо шаардын бюджеттен бөлүнөт.

Тендер шаардык мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы  аркылуу өткөрүлөт.

Тендер жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат. http://zakupki.gov.kg