Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өлкөдөгү паспорттук кризис маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, өлкөдө паспорттордун бланкасынын түгөнүүсү өнөкөткө айланды.
— «Дайыма эле «бланкабыз түгөнүп калды» деп, паспорттордун мөөнөтүн жылдырабыз. Кээде 6 ай, кээде бир жылга узартабыз. Башка мамлекеттер эмне дейт эми?! Ким буга жооп берет? Бланканын түгөнө турганын алар алдын ала билишпейби? Ортодо жөнөкөй жарандар кыйналып жатат», — деди депутат.
Ошондой эле ал бланкалар түгөнгөнүн күтүп отура бербей, алдын ала тендер өткөрүп, буйрутма берүүнү сунуштады.
Мындан сырткары ал бул ишке күнөөлүлөрдүн жоопкерчилигин кароону талап кылды.