Марал Радиосу

Бир суткада 15 медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталды

Бүгүн, 14-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 15 медицина кызматкери COVID-19 жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен сегизи Бишкек шаарындагы, төртөө Чүй облусундагы, үчөө Ысык-Көл облусундагы ооруканада эмгектенет.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада стационардан 2, үй карантинден 4 медкызматкер чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 4326 медик COVID-19 менен катталган. Алардын ичинен 4247 адам айыкты.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында эмделип жаткан. Муну менен вирустун айынан каза болгондордун жалпы саны 1534кө жетти.

Акыркы сутка ичинде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды. COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 839га жетти.

Соңку сутка ичинде 161 адам врустук оорудан жакшы болгон. Коронавирус жуктуруп алган жалпы 86 313 бейтап сакайды.

Коронавирустун 240 жаңы учуру катталды