Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Ош шаарынан 9 партия катышты. Алардын ичинен алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады. Алар: «Ишеним» партиясы, «Улуттар биримдиги» элдик партиясы, «Республика» саясий партиясы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы, » Улуу Журт» саясий партиясы, «Бир бол» саясий партиясы.
Ош шаары боюнча алдын ала жыйынтык төмөнкүдөй болду:
- «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясы — 48, 83%;
- «Улуттар биримдиги» элдик партиясы — 17,81%;
- «Ыйман нуру» партиясы — 8,22%;
- «Ынтымак» партиясы — 7,07%;
Эскерте кетсек, бул — шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Ош шаарында шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек. Калган партиялар азырынча 7%дык чектен өтө элек.