Марал Радиосу

«Процентомания», бюрократия. Милициянын ишиндеги тоскоолдуктар

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалып, кийин муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы ички иштер органдарындагы жалпы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Адистер чукул реформа жасалышын талап кылып жатышат.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө тоскоолдук жараткан бюрократиялык жагдайлар бар экени маалым.

Биз бир канча милиция кызматкери менен байланышып, алардын иштөө тартибиндеги көйгөйлөрүн уктук. Каармандардын өтүнүчү менен аты-жөнүн жашырып, айткандарын гана бердик.

…Бизге бирөө арыз жазганда алгач ал катталат. Андан кийин ошол үстүнөн арыз түшкөн адамды колдонуп жүргөн телефон номери аркылуу кайсы жакта жүргөнүн аныктоо үчүн токтом жазып алып, сотко барабыз. Прокурор менен чогуу сотко киребиз, ал жактан макулдук берилет же артка кайтарылат. Соттун токтомун күтүп, ал даяр болгондон кийин компанияларга таштайбыз — Ошка, Билайн, Мегаком уюлдук операторлоруна. Алардын да өзүнүн мөөнөтү бар, кээде он күн, он беш күн күтүү керек болот.

Ыкчам кызматкерлердин колу байланып калган

…Мисалы, ар кандай кылмыштар бар. Эгер «пилинг» дей турган болсо, ал жөнүндө токтомду алып, Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгына барабыз. «Пилинг» менен ушул башкы башкармалык гана алектенет. Агенттер, азыркы министр да ошол жактан башчы болгон. Алар негизинен жашыруун иштешет.

«Пилинг» деген — изделип жаткан адамдын, кылмышкердин уюлдук телефону аркылуу кайсы жерде жайгашканын табуу, алардын өздөрүнүн жабдуулары бар, ал 95 пайыз анык маалымат берет.

Мисалы, кылмышкер батирде жашырынып отурса, «пилинг» аркылуу кайсы үй жана батирине чейин айтып бере алат. Бирок «пилингге» тергөөчүлөрдүн ыйгарым укугу жок, «секретка» деген нерсе бар, ошонун негизинде ыкчам кызматкерлер тапшырма жазат, анын негизинде агенттер иштейт.

Кыскасы, бир адамды аз убакыттын ичинде табуу кыйын. Ыкчам кызматкерлердин колу байланып калган, алар бир гана токтомдун негизинде иштейт.

Ал эми тергөөчүлөрдүн жумушу өтө көп. Мисалы, ар бир тергөөчүдө 80-100-120дан иштери бар. Анын үстүнө азыр тергөөчүлөрдү кыскартабыз деп жатат, алардын түйшүгү дагы көбөйөт.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталмайынча, эч кандай тергөө иштерин жүргүзө албайсың. Катталгандан кийин гана окуя болгон жерге кароо жүргүзөсүң.

 

…Милиция кызматкерлерине эч кандай социалдык камсыздоо каралган эмес, эч кимисинин бензинине акча бөлүп же канцелярдык товарын алып бербейт,  аны бардык кызматкерлер өздөрү сатып алышат.

10 миң сомдук телефон жоголсо табылбайт

…Биздин мыйзамдарда көп кемчиликтер бар. Мисалы, кайсы бир жаран бизге 10 миң сомго чейинки телефон жоголгону тууралуу арыз менен келсе, ал табылбайт деп эле айтса болот. Себеби мыйзамга ылайык, жеңил жана орто оордуктагы иш «дознователге» берилет. Алар соттон уруксат ала алышпайт. Мыйзамда ушундай жазылып калган.

Кээ бирлер үчүн 10 миң сомдук телефон чоң эле буюм болушу мүмкүн, бирок мыйзамда ал телефондорду табуу үчүн эч кандай чара каралган эмес…

«Процентомания»

…Азыр ИИМдин системасында «процентомания» деген нерсе бар. Ал баарынын жумушуна тоскоолдук кылат. Бул эмне деген? Мисалы, быйыл канча иштин бетин ачып, сотко өткөрсөң, ошончо пайыздагы ишти кийинки жылы да толукташың керек. Кандай жол менен болсо да, айдын аягына келгенде ишти сотко өткөрүү керек же кыскартуу зарыл деген түшүнүк бар. Ошон үчүн башка иштер токтоп калат.

Ар бир кызматкер же ар бир район өткөнкү жылдын пайызын жабышы керек. Бул Советтер Союзунан калган система, азыркыга чейин иштейт. Ал жок болсо, ар бир арыз менен өзүнчө иш алып барылмак. «Процентомания» системасы бардык ишке объективдүү мамиле кылууга тоскоол болууда. Буга кызматкерлердин көпчүлүгү каршы. Башка кылмыштарды бир эле иш менен бириктирип туруп, сотко өткөрүүгө туура келет.

Кадр жетишсиз

…Кадр жетишпейт, социалдык камсыздоо жок. Финпол жоюлуп кетип, ИИМге, Шаардык ички иштер башкы башкармалыгына штат ачабыз дейт, бирок анда да райондогу кызматкерлерди кыскартып, ошол жакка кошуп коюшат.

Азыр Бишкекте калктын саны көбөйүп жатат, миллиондон ашты. Кызматкерлер жетишпейт. Мисалы, Биринчи Май району боюнча 400 миң адамга 40 тергөөчү туура келет. Бир тергөөчү 100-200 ишти карайт. Штат көбөйтүлгөндө, ар бир ишти толук, объективдүү караганга мүмкүн болмок.

Кагаз өтүнүч кат, убакыт…

Мисалы, Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдашты, ал унааны ким колдонуп жүргөнүн аныктоо үчүн компаниялар аркылуу Каттоо кызматына, «Унаа» ишканасына өтүнмө берилет. Ошондо гана машине кимге тийиштүү экени аныкталат.

Казакстанда болсо маалыматтардын автоматташтырылган системасы бар. Биздеги «Түндүк» системасы сыяктуу. Ал жакта адамдардын бардык маалыматы бар, паспорт, «Форма -1» жана башка. Биздин кызматкерлер көбүнчө уруксат алууга эле убакыт кетирет…

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде 27 жаштагы кыз уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул иш боюнча милицияга арыз 5-апрелде түшкөн, кыздын жана аны өлтүргөн жигиттин сөөгү 7-апрелде табылды.

Бул окуя милицияга болгон нааразылыкты күчөтүп, коомчулук министрдин отставкасын талап кылды.