Кыргызстандын Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоо үчүн бир топ сунуштарды берди.
6-апрелде мекеменин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков күйүүчү май рыногундагы абалды, баалардын жогорулашынын себептерин талкуулады.
Отурумга Нефтетрейдерлер ассоциациясынын, Мунайзат союзунун жетекчилиги, ири компания өкүлдөрү катышты.
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анда бир катар талаптар коюлду:
-таза атаандаштык принцибин так сактоо;
-чыгымдарды оптималдаштыруу жолу менен баанын деңгээлин камтыган инструменттерди колдонуу керектиги айтылды.
Ошондой эле, күйүүчү-майлоочу майдын баасын негизсиз көтөрбөө жөнүндө жазуу түрүндө сунуштама берилди.
Кыргызстанда мунайзатына болгон баанын өсүүсү уланууда. Өлкөдө жыл башынан бери бензин менен дизелдик майдын баасы кескин кымбаттай баштаган.
Таңкыстыкты чечүү максатында өкмөт марттын башында бензинди Кыргызстандан сыртка ташууга убактылуу тыюу салган. Бирок апрелде дагы 3 сомдон 5 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатканы айтылууда.