Марал Радиосу

Бишкекте бала бакча жана мектептер кайра жабылат

Бишкекте 12-апрелден баштап эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бала бакчалар жана мектептер кайрадан жабылып, окуучулар онлайн режимге өтөт.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлгандай, шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 8-апрелден тарта жабылат.

Учурда шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъектилер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү.